Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Facebook Тажикстанда али ачылбай жатат


Интернеттеги бул социалдык түйүн жана башка бир катар көз карандысыз сайттар мурдагыдай эле торолгон бойдон турат. Тажикстандык интернет колдонуучулар Facebook түйүнүнө, centrasia.ru, tjk.news.com, zvezda.ru, maxala.org өңдүү сайттарга 3-марттан тарта кире албай калышкан. Аларды тороого өлкөнүн Байланыш агенттиги көрсөтмө бергендей.

Тажикстандын ЕККУ уюмундагы өкүлү өз билдирүүсүндө Интернет сайттар жана маалымат каражаттары аракеттери үчүн жоопкер болуусу керектигин белгиледи.

Нуриддин Шамсовдун айтымында, өкмөт улуттук коопсуздукту камсыздоого жана "кибер кылмыштарга" каршы күрөшүүгө милдеттүү.

ЕККУ уюму апта башында тажик бийликтерин Интернет сайттарды тороо практикасын токтотууга чакырып, бул “кооптондурган” көрүнүш экендигин айткан.
(UE)

XS
SM
MD
LG