Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Сары-Таш – Кара-Мык жолу: тоодогу карды аткылап түшүрүшөт


Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл округунда тоолуу унаа жол жээгиндеги карды аткылап көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, аткылоо иштери Сары-Таш – Кара-Мык жолунун 95-чакырымында 16-мартка чейин жүрөт. Коргоо министрлигинин артиллериялык куралы колдонулат. Адистердин  айтымында, бул күндөрү аталган аймакта кар көчкү жүрүү коркунучу бар. (RK)

 

XS
SM
MD
LG