Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Сирияда парламенттик шайлоо май айында өтөт


Сириянын президенти Башар ал-Асад өлкөнүн жаңы конституциясына ылайык, шайлоону 7-майга белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Сирия парламентинин интернет сайтында кабарланды.

Анын аралыгында, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда өкмөттүк аскерлер согушчандар менен бир мезгилде куралын ташташы керектигин билдирди.

- Өкмөттүк аскерлердин бир тараптуу гана чыгарылышы таптакыр мүмкүн эмес. Биз каалакбызбы, жокпу, сирия бийликтери буга барбайт. Баарыбыз муну эң жакшы түшүнөбүз.

Лавров АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон менен Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу штаб-квартирасында жолуккандан кийин сүйлөдү. Лавров менен Клинтон Сириядагы элдешүү боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Түркия анын аралыгында 2-апрелде Сирия боюнча эл аралык жыйын өткөрөөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG