Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

15-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
14-15-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
15-мартта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн Нарын облусунун жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде гана кар жаайт. Тоолуу жерлерде жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 9...14,
Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 9...14,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 7..12 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1..+4,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18..-23, күндүз -5...-10,
Тоолордо түнкүсүн -15...-20, ал эми күндүз -3..-8 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...8 градус суук, күндүз 10...12 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG