Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Египетте футбол трагедиясына байланыштуу айып тагылды


Египеттин башкы прокуратурасы Порт Саид шаарында футбол матчында болгон мушташ боюнча 75 кишиге айып тагылды. Футбол тарыхында соңку 15 жылда болгон эң кандуу окуяда 70тен ашуун адам набыт кеткен.

Күнөөлөнгөрдүн арасында полициянын 9 кызматкери жана “Ал Масри” футбол клубунун 3 расмий өкүлү бар. Тополоң 1-февралда египеттик 2 команданын матчы бүтөөрү менен тутанган. Күбөлөр полициячылар мушташты токтотууга аракентенген эмес деп ырасташууда. Прокурордун билдирүүсүндө айтылгандай, тополоң алдын-ала пландалган, ага катышкандар бычак, жардыргыч заттар менен куралданышкан.

XS
SM
MD
LG