Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Укук коргоочулар Россия менен Кытайды Сирия резолюциясын колдоого үндөштү


200дөй укук коргоо уюмунун башын бириктирген коалиция Кытай менен Россияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы кан төгүүнү токтотуу боюнча резолюциясын колдоого чакырышты. Биргелешкен билдирүү бүгүн - Сирияда Башар Асаддын режимине каршы элдик козголоң башталганына 1 жыл толгон күнү жасалды. Дамаскинин шериги жана Сирияны курал менен камсыз кылган Россия Кытай менен бирге резолюция долбооруна вето коюшкан. Ал тапта өкмөттүк күчтөр Идлиб шаарын аткылоону улантышканы тууралуу маалыматтар түштү. Бийлик болсо ушул эле күнү баш калаа Дамаск, Алеппо жана башка шаарларда өкмөттү колдогон митинг уюштурду.

XS
SM
MD
LG