Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Атайын чабарман Коопсуздук Кеңешинде Сирия боюнча маалымат берет


Улуттар Уюму жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан бүгүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы кандуу тирешүүлөрдү токтотуу боюнча жакында Дамаскиде өткөргөн сүйлөшүүлөрү боюнча маалымат берет. Ырасмий Дамасктын маалымдашынча, Сирия өкмөтү Аннан алып келген сунушка оң жооп берген. Аннандын жардамчысы сүйлөшүүгө дале “эшик ачык” экенин билдирди. Кечээ Башар Асаддын режимине каршы козголуштун башталганына бир жыл болду. Буга байланыштуу жасаган кайрылуусунда БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтүн жана оппозицияны Кофи Аннан менен иштешүүгө үндөдү.

Сирияда куралдуу тирешүүлөр уланууда. Түндүктөгү Иблис провинциясындагы аскерлердин чабуулунан 45 киши набыт болгону кабарланды. 15 мартта Түркиянын билдиришинче, соңку 24 саатта өлкөгө 1 миңдей сириялык качкын келген.

XS
SM
MD
LG