Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Төө-Ашуудагы туннелдин тегерегинде үч жүздөй унаа токтоп турат


Бишкек - Ош жолунун Төө-Ашуудагы туннелинин тегерегинде жалпысынан кеминде үч жүздөй унаа токтоп турат. Бул тууралуу учурда ошол жерде турган кабарчыбыз Мирбек Айтикеев билдирүүдө. Анын айтымында, жол абдан тайгак болгондуктан, машиналардын жүрүүсү кыйын болууда. Кээ бир оор жүк ташуучу унаалар бузулуп, токтоп турат. Туннелдин Сосновка жактагы башында катуу жаан жаап, Суусамыр жагында кар жаап жатат. Көпчүлүк токтоп турган унаа тайгак жолдо жүрүү үчүн чынжыры жок, ордунан чыга албай турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-19-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталаарын, кар күрткүсү болуп, муз тоңоорун эскерткен болчу. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG