Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Көзү азиздер Бишкекте атайын светофор жоктугуна нааразы


Бишкек мэриясы көчө боюна илип гүл отургузуу үчүн атайын идиш сатып алгандын ордуна азиздер үчүн атайын светофорлорду сатып алып, алардын жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Социалдык коргоо реформасы боюнча жарандык демилге коалициясынан кабарлашты. Андай светофорлорду сатып алуу үчүн каражат шаардын быйылкы бюджетине киргизилиши керек болчу. Коалиция мэр Иса Өмүркуловго жана шаар депутаттарына кайрылып үн чыгарып иштей турган светофорлорду сатып алууга, үйлөргө жана мекеме имараттарына кирүү үчүн пандустарды орнотууга акча бөлүүнү талап кылды. Жарандык активисттердин маалыматына караганда, Кыргызстанда 133 миң майып жашайт. Алардын көпчүлүгү жаштар жана кичине балдар. 1, 2 жана 3-топтогу майыптардын саны алты миң киши. (RK)

XS
SM
MD
LG