Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Human Rights Watch Беларусту өлүм жазасынан баш тартууга чакырды


Адам укугун коргоочу бул эл аралык уюмдун бүгүн тараткан билдирүүсүндө Беларус БУУнун адам укугу боюнча комитетине берилген даттануу арызы каралганга чейин эле өлүм жазасы боюнча өкүм чыгарып, эл аралык милдеттенмелерди бузду деп айтылат. Ошондой эле бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Коммерсант FM» үналгысына курган маегинде беларус бийлигине өлүм жазасына мораторий киргизүүнү сунуштады.

Беларустун Жогорку Соту Минск метросундагы апрелдеги жардыруу үчүн соттолгон Дмитрий Коновалов менен Владислав Ковалевду күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына өкүм кылган. Беларус - Европада жана постсоветтик аймакта өлүм жазасын бүгүнкү күнгө чейин сактап калган жалгыз мамлекет.

XS
SM
MD
LG