Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Бишкек - Ош жолу 24 cаат бою жабылды


Кыргызстандын түштүк бөлүгү менен түндүгүн байланыштырып турган жалгыз Бишкек - Ош унаа жолу бүгүнтөн тарта толук, суткасына 24 саат бою жабылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов айтты. Мындай чечим кар көчкү коркунучуна байланыштуу кабыл алынды. Алгач жол 22-мартка чейин жабылды деген маалымат тараган. Бирок Бекиловдун айтымында, жол өкмөт башчысынын кошумча токтому чыкканча ачылбайт. Соңку үч күндөн бери Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар көчкү тогуз адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын төртөө 6-12 жаштагы балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG