Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Уу көмүр: дагы эки кызматкерге айып тагылды


Башкы прокуратура Кыргызстанга ташылып келген уулуу көмүр боюнча козголгон кылмыш ишке ылайык, "Электр станциялар" ишканасынын жетекчиси Аман Тентиевге жана мамлекеттик Бажы кызматынын өкүлүнө айып такты.

Прокуратура бул жетекчилерди "ишкананын кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаган", "ишинде шалаакалык кылган" деп айыптоодо. Аман Тентиев коюлган айыпты негизсиз деп таап, саясий кызыкчылыктар аралашпаса эле акталаарын билдирүүдө.

“Электр станциялар” ачык акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиевге тагылган айып Кыргызстанга ташылып келген радиациялуу көмүр боюнча кылмыш ишинин негизинде коюлганын Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев маалымдады:

- Башкы прокуратура тарабынан “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиевге Кылмыш-кодексинин 221-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул кылмыш иши "коммерциялык уюмдардын кызматкерлери өзүнүн тескөөчү же башка ыйгарым укуктарын бул уюмдун кызыкчылыгына каршы жана өзү үчүн жана башка адамдар үчүн пайда, артыкчылык берип, бул иш мамлекетке зыян алып келди" деген белгилер менен сыпатталат.

Муну менен катар уулуу көмүр боюнча кылмыш ишинин алкагында башкы көзөмөлдөөчү орган - мамлекеттик Бажы кызматынан бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчисине шалаакылыкка жол берип, өз ишине көңүл кош мамиле кылды деген кине менен айып угузду.

Былтыр “Электр станциялар” ишканасы аркылуу Бишкек жылуулук борборуна 8,5 миң тонна көмүр алынып келинген. Бирок өткөн жылдын күзүнөн тартып эле бул көмүрдүн радиациялык өлчөмү нормадан 8-10 эсеге жогору экенин Жогорку Кеңештин депутаттары менен айрым жарандык активисттер айтып чыгышкан.

Атайын комиссия муну текшерип чыгып, тастыктаган эле. Андан соң дал ушул кенден ташылып келген радиациялык фону жогору 12 миң тоннадан ашык көмүр Чүй облусундагы бир катар мектептерге, жетим балдар жана карылар үйлөрүнө таратылганы жыл башында белгилүү болгон.

Башкы прокуратура быйыл январь айында уулуу көмүр боюнча кылмыш ишин козгоп, анда "Кыргыз темир жол" ишканасынын 2 санитардык дарыгери жана Бажы кызматынын 2 кызматкерине айып таккан.

13-мартта бул иштин алкагында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев жана анын орун басары Кайрат Жумалиевге айып угузган.

Эми Башкы прокуратура көмүр чуусунун кезектеги жоопкер катары “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиевге айып такты. Тентиев болсо коюлган айыпты негизсиз деп баалап, мунун түпкүрүндө саясий кызыкчылыктар да жатышы да мүмкүн экенин билдирүүдө:

- Эгер прокуратуранын ишине саясий киришүү болбосо, мага козголгон кылмыш иш боюнча коркконго деле себеп жок. Себеби мен Кыргызстандын мыйзамдарын бузган эмесмин. "Бишкек жылуулук борборуна" келген көмүрдүн бир да калагы жагылган эмес, көмүргө 1 тыйын да төлөнгөн эмес. Бул көмүрдү Казакстанга кайра жеткирүүдөгү чыгымдарды ал ишкана төлөдү. Ошондуктан мындай иштен биз эч кандай коркунуч көрбөйбүз.
Аман Тентиевдин маегин бул жерден угуңуз:



Ошол эле учурда Аман Тентиев Кыргызстанга Куландан таш көмүр 5-6 жылдан бери эле ташылып жүргөнүн айтууда. Мурдагы жылдары көмүрдүн баасы бир аз жогору болуп келген. Бирок былтыр тиешелүү мекемелер Казакстандагы ишкана менен ортомчусуз сүйлөшүп, дээрлик эки эсеге жакын арзандатууга жетишкен.

Тентиевдин айтымында, Кыргызстанда чууга кабылып, өлкөдөн ташылып чыгып кеткенден кийин деле Казакстандын расмий органдары көмүрдүн радиациялык фонунун жогорулугун аныктаган эмес.

- Казакстан бул көмүрлөрдүн анализдерин алып жатышат. Буларда эки-үч текшерүү болду. Бажы да андан соң ар бир вагондон анализдерин алып да текшерип чыкты. Анда деле бул көмүрдүн 1-класска кирген эч кандай радиациялык жогорку фону жок, колдонууга болот деген жыйынтыкка ээ болду.

Ал эми уулуу көмүр боюнча дагы бир айыпкер саналган кызматынан бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Аскар уулу ооруканада болгонуна байланыштуу комментарий берген жок.

Анткен менен уулуу көмүр боюнча маселени биринчилерден болуп көтөргөн “Таза табигат” бейөкмөт уюмунун төрайымы Анара Дауталиева бул көмүрдүн өлкөгө киришине түздөн-түз жоопкер катары Аман Тентиевдин ысымын атоодо. Дауталиеванын айтымында, Казакстанда бул көмүрдүн уулуулугу далилденген жок деген маалымат чындыкка коошпойт:

- Бул маалымат калп. Бизде ызы-чуу чыгаар замат Казакстандан алынган маалымат бар. Бул көмүр кен Казакстанда жабылган. Бул жолу 238 тонна ашык көмүр казылып, анын жарымы бизге, Казакстандын Алматы шаары жакка ташылганы тууралуу маалымат бар. Муну Казакстанда азыр укук коргоочулар изилдеп жатышат.

Муну менен катар Дауталиева уулуу көмүр чуусу чыккан соң деле “Электр станциялар” ишканасы Куландан көмүрү менен байланышты үзбөй, 23-мартта боло турган аукционго бул “Кулан ТБ” ишканасынын катышуусуна мүмкүнчүлүк бергенин айтууда. Аталган ишкананын өкүлдөрү болсо бул маалыматты тастыкташа элек.

Аскарбек Шадиев
Аскарбек Шадиев
Ал ортодо көмүр чуусу боюнча энергетика тармагындагы жетекчилердин биринин артынан бирине айып угузулушу Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси бар долбоорлордун алдыга жылышына кедергесин тийгизет деген пикирлер айтыла баштады.

Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетовдун айтымында, тергөө иштерине байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилген министр Аскарбек Шадиевдин катышуусу менен жакынкы аралыкта бир катар долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр каралган эле:

- Акыркы учурда Кыргызстан Казакстандын "Самрук Казына" фонду менен Камбар-Ата - 1 ГЭСи, Кара-Кече көмүр кенинде электр жылуулук станциясын куруу сыяктуу стратегиялык объекттер тууралуу сүйлөшүүлөрдү былтыркы күздөн бери жүргүзүп жаткан. Иштин башында биздин министрибиз Аскарбек Шадиев турган эле. Ушундай стратегиялык объекттер менен өкмөт да иштейт, бирок бул долбоорлор менен түздөн-түз бир кишиге милдеттендирилген. Бул боюнча Шадиев көптөн бери иштеп келген.

Уулуу көмүр чуусун парламентте атайын комиссия түзүлүп, изилдеп жатат. Бул комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, жакынкы күндөрү комиссиянын жыйынтыгы чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG