Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

10 жылдан кийин суу талашы арбыйт


Пакистандык бала таң азандан суу сатканга камданууда. Карачи, Клифтон жээги. 15-март, 2012
Пакистандык бала таң азандан суу сатканга камданууда. Карачи, Клифтон жээги. 15-март, 2012

Келерки он-жыйырма жылда суунун жетишсиздиги жана сууга байланыштуу мамлекеттер аралык чатактар күчөйт.

Бул, АКШнын чалгындоо мекемелеринин жаңы изилдөөсүнө караганда, суу тартыш өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө кедерги болуп, бейстабилдүүлүктү күчөтөт.

Мындай изилдөөнү чалгындоо кызматтары мамкатчы Хиллари Клинтондун тапшырмасы боюнча даярдашты. “Дүйнөлүк суу күнүнө” байланыштуу 22-мартта Вашингтондо болгон жыйында Клинтон айым келерки он-жыйырма жылда суунун жетишсизди азыртадан ойлончу маселе экенин береги изилдөө айкын көрсөткөнүн баса белгиледи:

- Менин оюмча, чалгынчылар журтунун изилдөөсү көп нерсеге көзүбүздү ачканы талашсыз. Дүйнө калкы көбөйүп жаткандыктан сууга талап өсөт. А бизге таза суу жетишсиз.

Дүйнөнүн суу тартыш жерлеринин картасы.
Дүйнөнүн суу тартыш жерлеринин картасы.
Докладга караганда, “келерки он жылда мамлекеттер ортосунда сууга байланыштуу чатактардын болору күмөн”. Бирок 2022-жылдан тарта мындай жаңжалдардын чыгышына мүмкүнчүлүк көбөйөт. Атап айтканда, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азияда элдин тез көбөйүүсү аларды суу менен камсыздоодо үлкөн проблемаларды жаратат. Климаттын өзгөрүүсү суу ташкындар жана кургакчылык менен коштолуп, элди азык-түлүк менен камсыздоо да чоң көйгөй болот.

Ошондуктан азыртадан мамлекеттер аралык суу маселесин өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүп, жөндөөгө аракет кылган өлкөлөр келечекте чыр-чатакты болтурбай, проблеманы бир кыйла жеңил жөндөйт,- деп айтылат докладда.

Хиллари Клинтон өз сөзүндө суу маселеси болочокто мамлекет аралык тирешүүлөрдүн булагы болорун да эскерте кетти:

- Мамлекеттер арасында суу маселесин чечүү ийгиликсиз болуп, регионалдык суу бассейндерин колдонууда жаңжалдарды жаратып, зордук-зомбулукка чейин жеткире алат.

Хиллари Клинтон суу үчүн чыккан кыска мөөнөттүк уруштар бара-бара “саясый буроо (курал)” катары кеңири колдонушу ыктымал экенин да кошумчалады.

АКШнын чалгындоо кызматтарынын боолгошунча, суу таңсыктыгы күчөгөн сайын суу сактагычтарга же суу куурларына террорчулардын кол салуу коркунучу көбөйөт.

Докладда келерки он жылдыкта суу чоң көйгөйгө айланчу мамлекеттер аталбайт. Лекин, Африкада Нил дарыясы, Жакынкы Чыгышта-Иордан, Түштүк Чыгыш Азияда-Меконг, Иракта-Тигр жана Эфрат, Борбор Азияда - Аму Дарыя бассейнинде мамлекет аралык чатактар чыгышы мүмкүн экени белгиленет.

Деген менен суу менен камсыздоодо оң жылыш, илгери үмүттөр да бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана БУУнун Балдар фондунун маалымдашынча, 2010-жылга чейинки он жылдыкта суу куурларын жакшыртуунун, булак-кудуктарды коргоонун натыйжасында 2 миллиарддан ашык адам таза суу менен камсыздалган. Ал эми үч жылдан кийин дүйнө элинин 92 пайызы таза суу ичип калат.

Ошол эле учурда азыр 800 миллион адам таза сууну үзүл тазыл алат. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун айтышынча, “суу инфраструктурасын инвестициялоо, элет жерин өнүктүрүү, суу ресурстарын туура башкаруу” суунун жетишсиздигинен чыгууга чоң огожо болот.

XS
SM
MD
LG