Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

"Аватардын" режиссеру Тынч океандын түбүн көрүп келди


Голливуддук таанымал режиссер Жэймс Кэмерон Тынч океандын эң терең жайы-Мариана ойдуңуна түшкөн үчүнчү адам болду. “Терминатор”, “Титаник” жана “Аватар” тасмаларын тарткан режиссер 11 миң чакырым тереңге видео-кинокамералары бар батискаф менен жалгыз түштү. Кэмерон мухит түбүнө аттанар алдында өз максаты жөнүндө мындай деди:

- Жак Кусто бир ирет: “Ал жакта эмне бар экенин билсек, барууга зарылдык жок болмок”, - деп айткан. Биз ал жакта эмне бар экенин билбей баратабыз. Биздин билимибиз үстүрт эле. Биз ал жактан өтө таң калычтуу жаныбарларды көрөрүбүздү билебиз. Бирок илим мындай түпкүрдө балык жашайбы-жокпу билбейт. Биз да билбейбиз.

Deepsea Challenger батискафын жасаганга Кэмерон өзү да катышты. Тынч океан түпкүрүндөгү саякат жөнүндө даректүү тасма даярдалат. Жэймс Кэмеронго чейин Мариана ойдуңуна швейцариялык инженер Жак Пикар жана АКШ деңиз күчтөрүнүн офицери США Дон Уолш аппарат менен чумуп түшкөн эле.
.

XS
SM
MD
LG