Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Баткенде оппозициянын митинги башталды


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Баткенде борбордук аянтка миңге чукул адам чогулду. Азырынча муну тартип коргоо органдары тастыктай элек.

Митингге “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мудумаров, “Ата Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиев катышууда.

Ушул тапта Мадумаров аталган үч партиянын биригүү себептерин түшүндүрүп жатат.

Марттын башында оппозиция Ош шаарында митинг өткөрүп, “Кыргызстанда жаңы кесипкөй өкмөт түзүлcүн”, “Апрель жана июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү жазалансын”, “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген бир катар талаптар айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG