Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Москвада күтүлбөгөн митинг уюштура коебуз деген 55 адам кармалды


"Кызыл аянтка" кире бериште чогулган "ак лентачандарды" полиция кармап кетти, 1-апрель, 2012
"Кызыл аянтка" кире бериште чогулган "ак лентачандарды" полиция кармап кетти, 1-апрель, 2012
Бул тууралуу шаардын полициясы кабарлады. Оппозиция бул күнү элди “Кызыл аянтка” чогулуп, премьер-министр Владимир Путинге каршы кыймылдын символуна айланган ак лента тагынып, флеш-моб акциясын уюштурганга үндөгөн болчу.

Полиция аянтты курчоого ала баштаганда чогулган 300дөй адам заматта кол кармаша “Бул биздин шаар!”, “Орусия эркин!” жана “Путинсиз Орусия!” деп кыйкырып жатышты.

Бул өлкөдө кайрадан президент болуп шайланган Владимир Путин келерки айдан тарта кызматына киришет.

XS
SM
MD
LG