Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш кайра териштирилет


Мындан төрт жарым жыл мурда киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш кайрадан териштириле турган болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркум журналисттин атасы Авас Саипов билдирди. Анын айтымында, 4-апрелде Жогорку Сотто ишти кайра кароо боюнча доо арыз каралды. Журналисттин өлүмү боюнча буга чейинки соттук инстанциялардын чечими жокко чыгарылып, иш баштан териштирүү үчүн Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү. Маалыматка ылайык, мындай чечим жаңы пайда болгон жагдайларга байланыштуу кабыл алынды. Саиповдун өлүмүнө күнөлүү делген Абдуфарит Расулов окуя учурда башка жерде болгону далилденүүдө.

Расулов 2010-жылы Ош шаардык соту тарабынан журналисттин өлүмүнө күнөлүү делип, 20 жылга эркинен ажыраган. Бул чечимди жогорку инстанциялар күчүндө калтырган. Алишер Саиповдун атасы Расуловдун окуяга тиешеси жоктугун, уулунун өлүмүнө түздөн-түз катыштыгы бар адамдар баары эле Кыргызстанда жүргөнүн айтууда.

Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Саясат” гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз адамдар атып кетишкен. Жакындары анын өлүмүн журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG