Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Июн окуясында жабыркаган ишкерлер пикетке чыкты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында жыйырма чакты адам пикетте турат. Алардын бири Орозкан Токторалиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, пикетчилер июн окуясында жабыркагандарын, кредит алуу үчүн койгон үйлөрүнөн айрылып жаткандарын айтыштууда.

"Мен 2009-жылы өзүбүз жашаган үйдү күрөөгө коюп, "Агрокредит Плюс агент" микрокредит агенттигинен 200 миң сом алгам. Картөшкө, жашылча айдап сатып кутулам дегем. Бирок июн окуясында картөшкөмдүн жарымы базарда, жарымы талаада калып жок болду. Алган акчамдан кутула албай койгондуктан үйүмдү тартып алган жатышат. Өкмөт 50 миң сом жардамын берген. Бирок ал жеткен жок", - дейт Токторалиева.

Пикетчилер өкмөттөн жардам сурап, күрөөгө коюлган үйлөрдү тартып алууга мораторий киргизүүнү өтүнүп жатышат. Буга чейин мындай нааразылык акциялар Ошто да өткөрүлгөнүн, бирок жардам жок экенин айтышууда.

2010-жылкы Ош, Жалал-Абаддагы капсалаңда ишкерлер түздөн-түз 2,5 миллиард, кыйыр түрдө дагы 1,5 миллиард сом зыян тартканы эсептелген. Жабыр тарткан ишкерлер жөнүндөгү өкмөттүн 2 токтомунун негизинде 2 миңден ашык ишкерге 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз акчалай жардам берилсе, дагы 681 ишкер 150 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда алган. (RK)

XS
SM
MD
LG