Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Путин саясий күчтөрдү Орусиянын келечеги үчүн чогуу иштөөгө чакырды


Президент шайланган Владимир Путин бүгүн Орусия парламентинде премьер-министр катары акыркы ирет сөз сүйлөдү. Ал бардык саясый партияларды парламенттик жана президенттик шайлоолордун артынан болгон "саясый кагылышуулардан" кийин өлкөнүн тынч өнүгүүсүнө жардамдашууга үндөдү.

“Биздин Орусиябыз жалгыз. Анын заманбап, алдыңкы катарда өнүгүүсү - жаратмандыкты каалаган бардык саясый күчтөрдүн максаты болууга тийиш”,-деди Путин. 2000-2008-жылдары эки мөөнөт президенттик кылган Путин 7-майда алты жылдык үчүнчү мөөнөткө ырасмий түрдө киришет.

Декабрдагы парламенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктардан кийин эл ичинде бийликке нааразылык күчөп, он миңдеген адамдар катышкан көчө жүрүштөр өткөн. Путин сөз сүйлөрдөн мурдараак полиция Мамдума алдында уруксатсыз митинг өткөрмөкчү болгон бир нече оппозиция активистин кармап кетти.

XS
SM
MD
LG