Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Июнь калабасында жабыр тарткандар үй сурап жатышат


Июн окуясынан кийин турак-жайсыз калган айрым жабырлануучулар үй талап кылышууда. Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жабырлануучулар менен жолугушуусунда Ош шаарындагы «Жаштык» лагеринде жашап жаткан тургундар үй-жайга муктаж экени белгилүү болду. Маалыматка ылайык, бул лагерге коогалаңга чейин батирде жашап, кийин үй-жайсыз калган 60тан ашык бүлө жайгаштырылган. Парламент спикери Ош, Жалал-Абадда жабыр тарткан жарандарга турак жай бөлүштүрүү боюнча комиссияга «Жаштык» лагеринде жашап жаткан жарандарды турак жай алуучулардын тизмесине киргизүү сунушу берилгенин айтты. (KKs)

XS
SM
MD
LG