Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Египет: Мубарак менен иштегендер кызматка коюлбайт


Исламчылар көпчүлүктү түзгөн Египет парламенти мурдагы президент Хосни Мубарактын тушунда жогорку кызматтарда иштегендер мындан ары мамлекеттик кызматтарга иштей албайт деген мыйзам кабыл алышты. Байкоочулар парламент бул мыйзам аркылуу май айында өтчү президенттик шайлоодо атайын кызматтын мурдагы башчысы, экс вице-президент Омар Сулеймандын жеңишке жетишинен коркуп, ушундай кадамга барды деп айтып чыгышты. Бир аз мурдараак Египетте коомчулук арасында Сулеймандын кадыры күтүүсүз көтөрүлүп, президенттик шайлоодо утуп чыгууну көксөгөн исламчылардын үшүн алгандай болду. Бирок парламенттин бул мыйзамы качан гана Жогорку Аскер кеңеши жактыргандан кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG