Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Кыргыз-өзбек чек арачылары Жалал-Абадда жолугат


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, эки өлкө чек арачыларынын жолугушуусу 16-майда Жалал-Абад шаарында өтөт деп пландалууда. Тараптар тактай турган чек ара тилкелерине барып, жеринен таанышат. Ошондой эле айрым анклав болуп калган аймактарды алмашуу маселеси боюнча да сөз болот деп күтүлүүдө. Бул багытта Кыргызстан керектүү документтерди даярдап жатат.

“Ал жерде алмашуу болгон. Ошол жердеги чек араны түздөш үчүн 1955-жылы 2 миң 14 гектар жерди биз өзбектерге бергенбиз. Алар бизге ошонун эле жанындагы жерди бермекчи болгон. Ошол милдеттенмени өзбектер аткарбай, Сузак районунан бизге жер берген. Бирок ал жерден 490 гектер эле жер берилген. Азыр ошол маселени коюп, калган жерди ошол жерден бергиле деген маселени коюп атабыз. Ушул документтерди биз адярдап барабыз, алар да өз жүйөлөрүн ортого койот. Бул маселе акырындап Кудай буюрса чечилет” – деди Искандаров.

Эки өлкөнүн чектеш аймактарында дээрлик 50дөн ашык талаштуу жерлер бар. Сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышына дал ушул талаш делген жерлер боюнча пикир келишпестиктер себеп болгон. Кыргызстан Кытай жана Казакстан мамлекеттери менен чек арасын толук тактап алган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу жерлер да бүгүнкү күндө толук такталган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG