Ооганстандан 2014-жылы эл аралык аскерлер чыгарылгандан кийинки Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугу Вена калаасында эки күндүк министрлер жыйынында талкууланды. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Улуттар аралык коркунучтар бөлүмүнүн жетекчиси Жером Бужу "Азаттыкка" билдиргендей, адам жана баңги аткезчилигин алдын алуу үчүн 2014-жылга карата эл аралык коомчулук Борбор Азия өлкөлөрүнө бардык зарыл жардамды көрсөтүшү керек болот. Бужу бул жааттагы башкы көйгөй - өлкөлөр ортосундагы чек аралардын так аныкталып бүтө электиги экендигин кошумчалады. (jch)