Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Сирия БУУнун байкоочулар санын көбөйтүү чакырыгын четке какты


Өлкөнүн тышкы иштер министри Валид Муаллем ок атышуунун токтошуна 250 адам байкоо саларын “жөндүү жана логикалуу” сан деп атады.

Мунун алдында БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун байкоочулар санын көбөйтүү жана алардын миссиясын учак менен колдоо зарылдыгын билдирген эле. Учурда Бээжинде жүргөн Сирия тышкы иштер министри эгер зарыл болсо БУУ миссиясын учак менен алып жүрө аларын белгиледи.

Бул аралыкта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын оппозициячыл топторун, анын ичинде Сирия Улуттук кеңешин Улуттук уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын карманбай жатканы үчүн сынга алды. Орус тышкы иштер министринин ишениминде, Сирия оппозициясы арасында тынчтык план ойрон болушун каалагандар кыйла. (UE)

XS
SM
MD
LG