Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Голландия өкмөтү отставкага кетти


Голландиянын канышасы Беатрикс Марк Рюттен жетектеген коалициялык өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Рюттенин “Эркиндик жана демократия үчүн” партиясы парламентте оңчул саясатчы Герт Вилдерстин "Азаттык" партиясына таянып келген. Дүйшөмбүдө ал өкмөттүн бюджетти үнөмдөө программасын колдоодон баш тарткандан кийин коалиция ыдырап кетти. Европа Биримдигинин талабына ылайык, коалиция чыгымдарды 16 миллиард еврого кыскартууну сунуш кылган. Эми өлкөдө эрте шайлоо өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG