Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Коалициялык көпчүлүк өкмөттүн ишин талкуулайт


Бүгүн парламентте коалициялык көпчүлүк жыйын куруп, премьер-министр Өмүрбек Бабановдон өкмөттүн жүз күндө аткарган иши тууралуу маалымат алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт жүз күндүн ичинде мамлекеттик кызматкерлерди 20 пайыз кыскартып, Каржы полициясын жоюп, анын ордуна жаңы структура түзүү, административдик-аймактык реформанын концепциясын иштеп чыгуу, мамлекеттик ипотекалык компания түзүү, ГЭСтердин курулушун баштоо боюнча келишимге жетишүү, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүксүз өткөрүү, облустарда үрөн чарбаларын түптөө сыяктуу иш-чараларды белгилеген.

Оппозиция өкмөттүн программасын “курулай сөз” деп сындап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG