Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Сел каптаган жерлер тазаланууда


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел каптаган жерлер тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Оштун Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунда нөшөр жаандан сел пайда болуп 20 үйдүн короосун, бир мектепти жана унаа жолун каптаган.

Ош шаарында селдин кесепетинен 24 короо жайдын жер төлөсүн суу каптап, эки чакырым ички чарба жол жарактан чыкты. Беш үйдүн жер төлөсүндөгү суу сордурулуп, тазалоо иштери аяктады.

Баткендин Согмент айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Айылдын ички чарбалык жолдору бузулуп, короолорго суу кирген. Лейлектин Катраң жана Өзгөрүш айылдарында да сел жүрдү.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мөндүр аралаш нөшөр жамгырдан пайда болгон сел жети турак жайдын там аркаларын каптап, төрт турак үйдүн аркасына шагыл таш үйүлүп калган. Ошону менен бирге Итагар айылындагы ички чарба жолдорунун ар кайсы жерин шагыл таш басып, айыл тургундарынын каттоосуна бир топ кыйынчылык жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG