Республикачыл партиянын мурдагы талапкери Херман Каин 2008-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө Өзбекстанды У-беки-беки-беки-беки-стан-стан деп атап, бирок президенти ким экенин айта албай койгон эле. Жакында «Жонн Стюарт менен күндөлүк шоу» программасында Каин эски суроодо кайра такалды. Алып баруучунун Өзбекстандын президенти ким деген суроосуна ал бир топко унчукпай туруп, анан «Ошол кезде сураштырып билип алган элем, күндө колдонбогондон кийин, кайра унутуп калыптырмын", - деди.