Ушул мүнөттөрдө Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Раззаков жана Интернационал айылдарында катуу сел жүрүп жатканы тууралуу кабар түштү. Мындай маалыматты "Азаттыкка" чукул кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Асанов да тастыктап, алдын-ала маалыматтарга караганда 20 чакты үйдү сел каптаганын маалымдады. Ал ошондой эле облус жетекчилиги, куткаруучулар жана тиешелүү адистер менен кошо азыр аталган аймакка жөнөп жатканын кошумчалады.
Жергиликтүү Жумабай аттуу айдоочу аталган аймактан район борбору - Исфана шаарына жөнөп бараткан учурда селге кабылып токтоп калганын, сел бир үйдүн дубалын ортосунан жарып чыкканына күбө болгонун "Азаттыкка" айтып берди. Бул аймакта бүгүн кечинде нөшөрлөгөн жаан жааган экен.
Табият кырсыгы адам өмүрүнө зыян алып келген-келбегени боюнча азырынча маалымат жок. (SM)