Оштун борбордук базары ордунда калат. Шаардык кеңештин депутаттары бүгүнкү сессияда ушундай чечим кабыл алышты. 2010-жылы мэрия базарды шаардын батыш тарабына көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Аны ишке ашыруу же жокко чыгаруу боюнча шаардык кеңештин да чечими керек болчу. Бирок эки жылдан бери бул маселе каралбай келген.
Депутат Арфидин Аланов аталган базарда негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү соода кылгандыктан, алардын ордун которуп, ашыкча чыгымга дуушар кылуунун кажети жок экенин айтты. Анын сунушун эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдоду. Бирок базарды тартипке келтирүү боюнча жаңы токтом керек экенин жана бул боюнча шаар бийлигине сунуш берээрин айтылды.
2010-жылдагы капсалаңда базар күйүп кеткендиктен, соодагерлер товарларын азыркыга чейин жолдун боюна коюп сатышат. (SE/RK)