Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Адвокат: бин Ладендин үй-бүлөсү депортацияланды


Усама бин Ладендин үй-бүлөсү бүгүн эртең менен учак менен Эр-Риядга жөнөтүлдү. Үй-бүлөнүн адвокаты Мохаммад Амир Халил Пакистандын сыналгысынан буларды айтты:

– Бардыгы болуп Усама бин Ладендин 14 үй-бүлө мүчөсү депортацияланды. Үчөө анын жесирлери, калган 11 балдары менен неберелери.

"Ал-Каиданын" жол башчысынын үй-бүлө мүчөлөрүн камакка алынган бир нече айдан бери алардын келечеги тууралуу ар кандай сөздөр болуп жаткан эле. Бин Ладен былтыр 2-майда Абботтабад шаарында АКШнын чабуулу маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG