Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Украинада үч жардырууда 27 киши жарадар болду


Өлкөнүн чыгышындагы Днепропетровск шаарындагы жардырууларда жараат алгандардын тогузу мектеп окуучулары экендиги кабарланууда.
Жардыруунун бири жүргүнчүлөр бараткан трамвайда орун алды.

"Алдын ала маалыматка ылайык, мындан 40 мүнөт мурда трамвай аялдамадан жылганда трамвайдагы таштанды салган челек жарылды. Аялдамада эч ким жок болчу. Трамвайдын ичиндегилер гана жараат алышты", - деп билдирди Днепропетровск полициясынын маалымат катчысы Алексей Щербатов.

Президент Виктор Янукович жардырууларды «өтө кооптуу окуя» деп мүнөздөдү. Тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG