Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Бин Ладендин жашыруун каттары интернетке чыгат


Кошмо Штаттары Усама бин Ладендин кээ бир жашыруун каттарын интернетте жарыялаганы жатат. Мындан туура 1 жыл мурун, 2011-жылдын 2-майында АКШнын атайын кызматтары Ал-Кайиданын ана башын Пакистандагы үйүндө жок кылышкан. Сөз болгон материалдар ошол операциянын маалында колго түшүрүлгөн. Ак Үйдүн терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Жон Бреннан кээ бир документтер ушул бейшембиде жарыяланышы мүмкүн деп билдирди.

Алардын арасында бин Ладендин жеке күндөлүгү, өнөктөштөрү менен кат алышуусу бар. 11-сентябр теракттарынан кийин бин Ладен 10 жылдай жашырынып жүрдү, ал электрондук байланышуу каражаттарын эмес чабармандар аркылуу кабар алышып тургандыктан, аны кармоо кыйын болгон.

XS
SM
MD
LG