Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Арменияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Арменияда бийлик парламенттик шайлоо эркин жана калыс өтөт деп убада кылып келди. Өнөктүккө байкоо салган Орусиянын борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сиябшах Шапиев мыйзам бузуулар азырынча катталбаганын, добуш берүү өз ыргагы менен жүрүп жатканын билдирди. Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзүп келгендей, "Республика" партиясы жана өнөктөшү - "Бакубат Армения" партиясы добуштардын 60 процентин алышы ыктымал. Бул - өкмөт өзгөрбөйт дегенди билдирет. Парламентке мурдагы президент Левон Тер-Петросян жетектеген оппозициядагы "Армениянын Улуттук конгрессинин" мүчөлөрү да кирип калышы мүмкүн. Добуш берүүнүн жүрүшүнө ЕККУнун 300дөн ашуун байкоочусу көз салууда. Уюмдун маалыматына караганда, 2007-жылкы парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга жооп берген эмес. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де жабылат. Бийлик 24 сааттын ичинде алдын-ала санактар жарыяланаарын айтууда.

XS
SM
MD
LG