Ушул жуманын аягында Ош шаарынын Түштүк-Батыш кичирайонуна газ берүү белгисиз мөөнөткө токтотулат. Жер астынан өтүүчү газ түтүктөрүнүн үстүнө курулган 20 дүкөн алынмайынча же ал жердеги ишкерлер газ түтүктөрүн башка жерден өткөрүүгө акча жыйнап бермейинче көгүлтүр от болбойт. Бул тууралуу бүгүн Ош газ чарба башкармалыгынын жетекчиси Керим Сарбашев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ушундай эле талап менен жыйырма күн мурда шаардын 215-кварталына да көгүлтүр от берүү токтотулган. Ал жерде 24 турак-жай газ түтүктөрүнүн үстүнө мыйзамсыз түрдө курулган.
“Жер астындагы түтүктөр эскирип калды, аларды жаңылоо керек. Эгер жаңылабасак, жарылып кетүү коркунучунда турат”,- дейт Сарбашев.
Түштүк-Батыш кичи районунда 1300 абонент, 215-кварталда 1240 абонент бар. Газ чарба башкармалыгы тыюу салынган жерге үй жана дүкөн курууга уруксат бергени үчүн Шаардык архитектура башкармалыгын күнөөлөөдө. Архитектура башкармалыгы мында күнөөсү жок экенин айтып келет. (SE/RK)