Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Жаңы-Өзөндөгү убактылуу кармоочу жайдын мурдагы башчысы кесилди


Жаңы-Өзөн шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын мурдагы башчысы, лейтенант Женисбек Темиров 5 жылга эркинен ажыратылды. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылды.

Сот материалдарына ылайык, Темиров Базарбай Кенжебаев аттуу адамдын өз убагында ооруканага жеткирилишин камсыздаган эмес. Кенжебаев бир нече күндөн кийин жараатынан абакта көз жумган. Ал былтыр декабрда мунайчылардын көтөрүлүшүн күч менен басуу убагында кармалган.

Демонстранттарга ок атуу иши боюнча 5 кишинин сот жүрүүдө. Дагы бир сотто болсо тополоң уюштурган деп күнөөлөнүп жаткан 49 кишинин иши каралууда. Жыл этегинде болгон окуяларда Жаңы-Өзөн шаарында жана Шетпе станциясында 16 киши окко учкан.

XS
SM
MD
LG