Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Ахмадинежад: Олимпиадага ирандык спортчулар үчүн барам


Президент Махмуд Ахмадинежад ирандык спортчуларды колдоо үчүн Лондон Олимпиадасына баруу ниетин билдирди. Бирок Британия үчүн аны “коноктоо” - чоң көйгөй. Ирандын расмий ИРНА агенттиги Ахмадинежаддын "Иран спортчулары менен болгум келет, бирок Британия мени кабыл алууга ынтызар эмес" деген сөздөрүн келтирет.

Батыш, анын ичинде Британия Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп Тегеранга каршы санкцияларды киргизген. Иран курал жөнүндөгү дооматтарды четке кагууда. 2011-жылы аламандаган топ Британ элчилигине кирип барууга аракет жасагандан кийин Лондон Тегерандан дипломаттарын чыгарып кеткен.

XS
SM
MD
LG