Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

АКШ коргоо министри Борбор Азия өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди


Леон Панетта Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын расмий өкүлдөрү менен Чикагодо, НАТО саммити учурунда кездешти. Саммитке аталган өлкөлөрдөн тышкы иштер министрлери барган.

Пентагондун басма сөз катчысы Жорж Литтлдин айтымында, Панетта Чикагодогу кездешүүдө Борбор Азия мамлекеттерине Ооганстанга жүк ташуунун Түндүк түйүнүн колдоп жатышканына ыраазычылык билдирди.

Учурда Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия менен НАТО күчтөрүн 2014-жылы Ооганстандан чыгарууда алардын аймагы аркылуу курал-жаракты ташып өтүүгө уруксат берүү жагын сүйлөшүүдө.

Ооганстандан чыгууда Пакистандын жолдору НАТО үчүн Борбор Азияга карата арзан түшөт. Бирок Пакистан былтыр НАТОнун аба соккусу 24 жоокерин мерт кылгандан кийин өз жолдорун жаап койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG