Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Азербайжанда митингде кармалган оппозиционерлер бошотулду


Азербайжанда басма сөзгө эркиндикти талап кылып бүгүн демонстрацияга чыккандарды полиция күч менен таркатып, ондогон кишини кармап кеткен болчу Кийинчерээк алардын баары бошотулганы, сегиз адам айып пулга жыгылганы айтылды.

Митинг бүгүн Коомдук телекомпаниянын маңдайында өткөн. Коомдук палата деген оппозициялык кыймылдын эки лидери Гулада Асланли менен Тофик Якублу митинг башталганга чейин эле кармалганы айтылды. “Элдик фронт” партиясынан депутат Гозел Байрамли да кармалган, бирок кийинчерээк алар да айып пул менен бошотулушту.

Азербайжанда ушул күндөрү “Евровидение” ыр сынагы өтүп жаткан учурда оппозиция бир топ митинг-демонстрацияларды уюштура турганын кабарлаган болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG