Бул келишим 2014-жылы чет элдик аскерлердин көпчүлүгү кеткенден кийин да Кошмо Штаттардын Ооганстанда калышына жол ачат.
Ооган парламентинин төмөнкү палатасы тараткан маалыматка караганда, бүгүнкү добуш берүүдө келишимге саналуу гана депутат каршы чыкты.
Эми документ ооган Сенатынын кароосуна берилет. Ал келишимди келерки аптада жактырары күтүлүүдө.
Стратегиялык өнөктөштүк келишимине президенттер Барак Обама жана Хамид Карзай 2-майда, Кабулда кол коюшкан.
Ал АКШнын Ооганстандагы узак мөөнөттүү, анын ичинде жардам көрсөтүү жана кеңешчилик жагынан ролун белгилейт. (UE)