Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Аун Сан Су Чи соңку 20 жылдан бери алгачкы ирет башка өлкөгө чыкты


Мьянмадагы демократиялык оппозициянын лидери Аун сан Су Чи кечээ Таиландга барды. Мьянмадагы аскерий режим бийлеп турган соңку 24 жылдын көпчүлүгүн Су Чи үй камагында өткөргөн. Ошондуктан алгачкы жолу чет мамлекетке чыгып жатат. Банкокто Су Чи жума күнү Дүйнөлүк экономикалык жыйында сүйлөйт деп күтүлүүдө. Анын артынан Норвегияга барып, өзүнө 21 жыл мурда ыйгарылган Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алмакчы.

Су Чи өз мекенинде кыска мөөнөткө эркиндикке чыккан учурларда сыртка кетүүнү каалаган эмес. Анткени бийликтер аны мамлекетке кайрадан киргизбей коюшат деп чочулаган. Мьянма 18 ай мурдагы шайлоодон кийин сырттан обочодо калуу саясатынан баш тартып, жаңы өкмөт демократиялык реформаларга бара баштады.

XS
SM
MD
LG