Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

ЖАМУда студенттер паракорчулукка каршы күрөш жарыялады


Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери облустук прокуратура менен бирге сессия убагында коррупцияга каршы күрөшөт. Студенттерден куралган демилгечи топко ар кайсы факультеттеги жаштар мүчө болду.

Окуу жайдын жаштар комитетинин төрагасы Элдияр Көкөмановдын "Азаттыкка" айтымында, 14-майда куралган топ облустук прокуратуранын өкүлдөрү жана Жаштар министрлигинин Жалал-Абаддагы бөлүмүндө иштегендер менен жолугушуу өткөрүп, акча аркылуу баа коймойду жоюуда чогуу иштешмей болушту.

“Анонимдүү түрдө сурамжылоо жүргүзүп, акчага баа койгон окутуучуларды аныктайбыз. Далилдүү фактыларды топтоп, ошондой мугалимдерди прокуратурага тапшырабыз”,- дейт Көкөманов.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, пара алган окутуучу 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG