Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Кордолгон мигрант келинге жардам чогулууда


Орусияда кордолгон мигрант келин Сапаргүлгө чет өлкөдөгү кыргыз жарандары жана жергиликтүү демилгечилер жардам бермей болушту. Демилгечи топ «Азаттыкка» билдиргендей, алар мигрант келин үчүн акча чогултуп жатышат. Өздөрүн «патриот» деп атаган кыргыз жигиттерден кордук көргөн Сапаргүлгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да жардам көрсөтө баштады.

“Азаттык” буга чейин маалымдагандай, бул мигрант келин өткөн жылдын күзүндө курбусу менен Екатеринбургдагы кафелердин биринде тамактанып отуруп, «патриоттордун» колуна түшкөн. Кыргыз балдар келиндерди жылаңачтап, башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап суракка алган. Окуя болгон учурда тартылган видео кийинчерээк интернетке таркап кеткен. Кечээ Сапаргүл бул окуя боюнча Орусиянын жогорку бийлигине, Башкы прокуратурасына жардам сурап кайрылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG