Таласта селден жабыркаган эл өкмөттүн жардамына муктаж болуп жатканын парламентте депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Анын айтымында, 19-20-майда Бакай-Ата районунда селден 500дөй малды сел суусу агызып кеткен, 173 гектар айдоо жерди суу каптаган. 29-майда да нөшөр жаандан кийин сел сугат каналдарын ылайга толтуруп дыйкандар жабыркады. (RK)