Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Алайда карышкыр малчыга кол салды


Ош облусунун Алай районунда карышкыр малчыга кол салды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

29-майда Үч-Чат айылынын Дара жайлоосунда Алмаз Чодуев аттуу адам малына кол салган карышкырды ажыратам деп жатып өзү жабыркаган.

Жергиликтүү элдин күчү менен карышкыр өлтүрүлүп, башы Ош облустук ветеринардык лабораториясына изилдөөгө жөнөтүлгөн. Алмаз Чодуев Алай райондук аймактык ооруканага жаткырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG