Бүгүн таңкы саат алтыда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда күчү 3 баллага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Силкинүүнүн очогу Майлуу-Суу шаарынан 20 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Алдын-ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян тийген жок. (AKu)