"Түркия аба жолдору" авиакомпаниясы жайкы каникул маалында студенттер үчүн жол акысын арзандатмай болууда. Бул боюнча атайын протоколго кол коюлаарын Стамбулда иш сапар менен жүргөн премьер-министр Өмүрбек Бабановго аталган авиакомпаниянын башкаруу кеңешинин төрагасы Хамди Топчу айтты.
"Түркия аба жолдорунан" "Азаттыкка" кабарлашкандай, Бишкек - Стамбул - Бишкек жана Стамбул - Бишкек - Стамбул каттамына баа студенттер үчүн азыр 433 доллар. Түркияда бир жарым миңдей кыргызстандык студент окуйт. Ошончо эле түрк студенти Кыргызстанда билим алып жатат. (RK)