Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Өзгөндө райкеңештин чечимине нааразылык айтылууда


Өзгөндө он чакты киши нааразылык акциясына чыкканын анын катышуучусу Төлөгөн Жолдошев "Азаттыкка" кабарлады. Жолдошевдин айтымында, алар райондук кеңеш "Өзгөндүн ардактуу атуулу" деген наамды "татыксыз, коррупцияга аралашкан адамдарга берип жатат". Төлөгөн Жолдошев өзүн апрел революциясынын элдик баатырымын деп тааныштырды.

Ал эми райондук кеңештин төрагасы Бердикул Султановдун "Азаттыкка" айтымында, баардык маселелер жалпы жыйында, сессияда чечилет. Ар бир депутаттын пикири эске алынат. "Алар жөн эле саясатташтырып жатышат", - деди Султанов нааразылык акциясы боюнча. (RK)

XS
SM
MD
LG