Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Чолпон планетасы бүгүн Күндүн маңдайынан өттү


Чолпон Планетасы күндүн маңдайынан өткөн учур. Чехиядан тартылган сүрөт. 6-июнь, 2012-жыл.
Чолпон Планетасы күндүн маңдайынан өткөн учур. Чехиядан тартылган сүрөт. 6-июнь, 2012-жыл.
Адистердин айтымында, бул - астрономиялык сейрек кубулуш. Авиация жана космоско учуулар боюнча Берлиндеги борбордун иликтөөчүсү Улрих Келер мындай дейт:

- Бул астрономияда абдан сейрек кездешүүчү окуя. Венара Күндүн так бет маңдайына бир кылымда эки эле жолу келет. Акыркысы 2004-жылы катталган, эмкиси 2117-жылы болот. Андыктан астрономдор майрамдагыдай жүйөө бар.

Ааламдын экинчи ири планетасынын жети саатка созулган жылуусу Бишкек убактысы боюнча бүгүн таңкы төрттө башталып, аны алгач ирет Тынч океандын боюндагылар, Түндүк жана Борбордук Америкадагылар көрүштү. Европада, Жакынкы Чыгышта, Түштүк Азияда бул кубулуш түн мезгилине туура келди.

Дүйнөдө телескоп пайда болгон 1639-жылдан бери Венера планетасынын Күндүн бет маңдайынан өтүүсү алты ирет байкалган. (UE)

XS
SM
MD
LG