Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

ШКУ саммитинде он документ кабыл алынды


Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити аяктады. "Азаттыктын" кабарчысы Айданбек Акмат уулунун Бээжинден кабарлаганына караганда, жыйында 10 документке кол коюлду.

Алар - президенттердин декларациясы, уюмду өнүктүрүү боюнча орто мөөнөттүү стратегия, аймакта кырдаалды курчута турган аракеттерге карата саясый-дипломатиялык чаралар боюнча жаңы жобо, террорчулукка жана экстремизмге каршы жаңы программа. Ошондой эле президенттер ШКУнун баш катчысынын жана антитеррордук түзүмдүн докладдарын бекитти. Ооганстанга ШКУдагы байкоочу ал эми Түркияга диалог боюнча өнөктөш деген статус берилди.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация катышты. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG